www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада троллейбустардын биринин айдоочусу туура эмес айдагандыктан жол кырсыгына кабылып кала жаздады. Бул тууралуу "Короче" Telegram-каналы маалымдап, видеосун жарыялады.

Анда көрүнүп тургандай, Юнусалиев көчөсү менен кетип бараткан коомдук транспорттун айдоочусу Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосуна келгенде жеңил автоунаалардан буйтап ашып өтүп, катуу ылдамдык менен айдаган.

Бишкек троллейбус башкармалыгы окуяны териштирип, кайсы каттамдын айдоочусу экенин тактаган.

" 17 троллейбустун айдоочусу С.Кожоев менен жол эрежесин сактоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Айдоочу жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып, айып пул төлөгөнгө чейин жумуштан бошотулду", — деп айтылат билдирмеде.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, видео кечээ, 6-августта, болжол менен кечки саат 18:00дө тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости