www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Бул чечим мунайга жана мунай продуктуларына бааны турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Ушундан улам жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык чечим кабыл алынды:

Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан автомобиль жана темир жол транспорту менен мазуттан тышкары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу), мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн ташылып чыгуучу, Бажы бирлигинин Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык орнотулган транспорт каражатынын май куюучу бактарындагы, ошондой эле көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунай продуктуларына жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги мунайды жана мунай продуктуларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, мунайды жана мунай продуктуларын дүң-сатуу жана чекене баалардын өсүшү бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен чектешкен өлкөлөрдө байкалууда.

Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости