www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, бүгүн, 10-январь күнү, саат 8:00дө Кыргызстандын аймагындагы 2428 шайлоо участогунун баары ачылып, добуш берүү башталды.

Бардык шайлоо участокторунда добуш берүү башталды. Ар биринде тийиштүү шарттар түзүлгөн. Кеңсе жабдуулары, үзгүлтүксүз электр энергиясы, шайлоочуларга маалымат берүү жана пандемияга байланыштуу беткап жана башка коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсүнө да ылайыктуу шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары чет жактагы 28 өлкөдөгү 48 шайлоо участокторунун айрымдары жергиликтүү убакытка карай, ачылып, иштеп жатат. Бул участоктордо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00 башталды. Эң алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында, андан тышкары Кытай, Жапония, Малайзия жана башка өлкөлөрдө да добуш берүү жүрүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Боршайком добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйгөнүн кабарласа, айрым байкоочулар ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертишкен.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости