www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсү боюнча бүгүн, 10-январдагы мамлекет башчысын кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо референдумуна эл аралык уюмдардан тышкары дагы 44 чет өлкөдөн 333 байкоочу көз салууда.

Ошондой эле, жергиликтүү 13 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, ыктыярчылары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшүүдө.

Маалыматка ылайык, байкоочулардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумдун жүрүшүн чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 92 журналисти чагылдырууда.

Белгилей кетсек, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;

-парламенттик;

-баарына каршы варианттары коюлган.

Эскерте кетсек, октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости