www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алгачкы шайлоо участогу Южно-Сахалинск шаарындагы КРдин Росссиядагы элчилигинин кеңсесинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча 03:00дө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул добуш берүү жайында 851 жаран катталган.
Шайлоочуда сөзсүз түрдө КРдин ички паспорту, жалпы жарандык паспорту, дипломатиялык же кызматтык паспорту болушу керек. Эгер суроолор жаралса консул Бакыт Асаналиевге 89778529098 номери аркылуу байланышууга болот.
Ошондой эле, элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчиси менен башкаруу формасы аныкталат (көк түстө).
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча шайлоо участкасы саат 20.00дө жабылат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg