www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 1046-шайлоо участогунда үкөк иштебей жатат

Бишкек шаарындагы 1046-шайлоо участогунда добуш берүү үкөгүнүн каттоочу механизми иштебей калгандыктан, шайлоочулар добуш бере албай жатышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги мүчүлүштүктөрдү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Бишкек гуманитардык университетинде жайгашкан №1046 шайлоо участогунда 1726 шайлоочу катталган.

Ушундай эле техникалык мүчүлүштүк Жалал-Абад шаарындагы №2103 шайлоо участогунда да катталып, добуш берүү 26 мүнөт кеч башталды.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости