www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул убакытка чейин Камчы Көлбаев тууралуу көптөгөн ушак-айыңдар эл арасында аралап келген.

Кээ бири Көлбаевди жамандык жандап жүргөн каарман катары билишсе, дагы башкасы өлкөбүздө көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келген адам катары таанышат.

Абакка кармалгандан бери Көлбаевдин көптөгөн кайрымдуулук иштери ачыкка чыга баштады. Алардын арасында, Кыргызстандын желегин дүйнө аренасында желбиретип келген спортчулар да Камчы Көлбаевдин эбегейсиз жардамын ачыкка чыгарып, көптөгөн ушак-айыңдардын себепсиз жана жалган экенин ачыктап келишет.

Алардын арасында эң эле көп эл оозуна алынгандары Канат Бегалиев менен Айсулуу Тыныбекова болду.

Убагында Канат Бегалиев Камчы Көлбаев анын кызынын ден-соолугуна байланыштуу эсептерди каржылап бергенин айтып чыккан эле. Эми көптөгөн сөздөрдөн кийин Айсулуу Тыныбекова дагы чындыкты ачыкка чыгарууну чечкен экен.

“Атын атаса - куту сүйүнөт" дейт кыргызда. Бүгүн мени колдоп келген Камчыбек Көлбаев агам тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем!”- дейт Тыныбекова Инстаграмм баракчасында.

Постунда убагында Тыныбекова спорттук жаракат алып, эч ким жардам бербей, жада калса Өкмөттөн көңүлү калып жүргөн Тыныбековага жалгыз гана Камчы Көлбаев жардам бергенин жазган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости