www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-октябрда Кыргызстанда президентти жана парламентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде үч окууда жактырылды.

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду.

Негиздемеде азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын иши токтоп турганы, Жогорку Кеңештин ишин калыбына келтирип, имаратын оңдоо керектиги, мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 36 миллиард сомдон ашып турганы жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдык үчүн чыгымдар бар экени, шайлоодон кийинки окуялар боюнча чыгым 450 миллион сом болгону жазылды.

Кырдаалды жөнгө салганча президенттик мөөнөтүнөн мурда жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруп, конституциялык реформа жүргүзүү зарыл экени белгиленди.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жүргүзүлө турган конституциялык реформа 10-январга чейин аяктай турганы, парламенттик кайра шайлоо ошондон кийин гана, бирок 1-июндан кечиктирилбестен өтүшү зарыл экени айтылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда же 17-январда өтөрүн билдирген.

Депутат Талант Мамытов Конституцияны өзгөртүү тууралуу да, шайлоо мыйзамындагы мөөнөттү токтото туруу жөнүндөгү да долбоорлор боюнча талкуу бардык депутаттардын, коомчулуктун катышуусу менен өтөрүн айткан. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости