www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 136, Ош шаарында - 23, Чүй облусунда - 89, Ош облусунда - 64, Талас облусунда - 39, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 91, Баткен облусунда - 112 адам жуктуруп алган.
Ал эми акыркы бир күндө 425 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 90, Ош шаарында - 27, Чүй облусунда - 39, Ош облусунда - 59, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 85, Баткен облусунда - 86 киши айыкты.
Аталган илдеттен жалпы 49 миң 522 адам айыкса, 58 миң 394киши ооруга кабылган.
Коронавирустан 1 миң 142 жаран көз жумган. Бир күндө 3 өлүм катталды. Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 адам каза тапты.
Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 359 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 814 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 612 учур катталды, алардын ичинен 3 316 медкызматкер айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg