www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Министр Космосбек Чолпонбаев вируска чалдыккандардын санын жашыруу мүмкүн эместигин белгиледи. "Бүгүнкү күндө 94 жарандын вируска чалдыкканы так. Бизде маалыматты жашыруу мүмкүн эмес. Вирустук инфекциянын алдын алуу, анын жайылып кетүү коркунучун жоюу үчүн көп жардам алынып жатат", - дейт министр.

Ошондой эле,  Кубатбек Боронов бир жолку текшерүүдөн эле бары билинип калбарын, бир нече жолку текшерүүнү талап кылып жатканын айтты. Кокус бир нерсе болуп кетпесин деп алдын алып жаткышканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости