www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу NazarNews агенттигине УКМКдан билдиришти.

2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй обласунун Пафилов районунун Панфилов айылынын тургуну Назарбекова Камила жана Чүй обласунун Пафилов районунун тургуну, 1966 ж.т. Жайчыбекова Жаңыл аныкталды. 

К.Назарбекова жана Ж.Жайчыбекова соцтармактар аркылуу Кайыңды шаарындагы ооруканада Тажикистандын жаранына коронавирус аныкталды деген жалган маалыматтарды тараткан. 

Профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

К.Назарбекованын жана Ж.Жайчыбекованын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости