www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандар көчөгө чыгыш үчүн ИИМден уруксаат алат

Борбор калаанын комендатурасы Бишкек шаарынын өзгөчө абал маалында жөө жана автоунаа өткөрмөктөрүн берүү жөнүндө жарандардын  арыздарын  кабыл алуу тууралуу NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыгына ылайык  2020-жылдын 24-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” борбордогу өзгөчө абал учурунда  тартипке келтирүү максатында, жөө жана автоунаа жүрүүчүлөрүнө өткөрмөктөр Бишкек шаарынын райондордун Ички иштер башкармалыгынан берилет.

Жарандар жана юридикалык жактар жөө жана автоунаа менен жүрүү үчүн өткөрмөктөрдү алуу үчүн  Бишкек шаарынын ички  иштер башкармалыктарына катталаган жери боюнча кайрылса болот. 

Андан сырткары санариптештирүүнүн алкагында электрондук системадагы пропусктарды берүү планы иштелип чыгууда, анда калоочулар үйүнөн чыкпай эле катталса болот.  Кошумчаласак, кыска 1312 номерине өткөрмөккө  тиешелүү суроолорго жооп беришет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости