www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет бизнес жана жарандык коом менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Ресубликасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүндө өткөн жыйында билдирди. 

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдалды. 

«Өкмөт өзгөчө абал шарттарында жарандарга жардам көрсөтүү үчүн масштабдуу иштерди баштап, бардык ресурстарды жумшап жатат. Бизге аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө даяр бизнес өкүлдөрү жана кайдыгер эмес жарандар кайрылышууда. Аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк түрүндө жардам берүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана жарандык коомдун өз ара иштешүүсүнүн  ачык-айкын жана натыйжалуу алгоритмин ыкчам тартипте иштеп чыгуубуз керек. Алар күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган тамак-аш продуктуларынан турат. Биринчи баскычта жардам экономикалык ишмердүүлүк кыйла чектелген жана көптөгөн үй-бүлөлөр акча табуу булагысыз калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Мындан ары карай жардам көрсөтүүнүн бул механизми өлкөнүн бардык райондоруна киргизилет. Учурда материалдык резервдер фондунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатуу үчүн 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынды. Мамлекет жарандарга көмөктөшүү үчүн зарыл көлөмдөгү продуктуларды бөлүштүрүүнү мындан ары да улантат. 

Бишкек жана Ошто гуманитардык жардам райондук администрациялар тарабынан белгиленген шаардын ар кыл жерлеринде жайгашкан чогултуу пункттарынан бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленди.

Ыктыярчылар азык-түлүк топтомун дарегине түздөн-түз жеткирүүгө жардам берүүгө даяр.  Аларга аймакты жакшы билген турак-жай комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү аймактык башкармалыктар жардам берет. Гуманитардык жардамга байланыштуу ар кандай манипуляцияларга жол бербөө максатында келип түшкөн жардамдардын көлөмун жана аны жарандар арасында адилет бөлүштүрүүгө коомдук көзөмөл жүргүзүлөт. Бардык зарыл маалыматты толук көлөмдө www.help.covid.kg сайтынан алууга болот. 

Кыйла таасирдүүлүк жана санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо үчүн муктаждарга жардам көрсөтүүнү каалаган бизнес жана жарандык коом өкүлдөрүнө финансы каражаттарын которуунун ордуна чекене түйүндөрдөн азык-түлүк топтомдорун сатып алуу сунушталат. Андан соң ыктыярчылардын жардамы аркылуу алар белгиленген жактарга жеткирилет. 

Премьер-министр өзгөчө абал режиминин киргизилишине байланыштуу жашоо шарты оорлогон бардык жарандардын турмушун жеңилдетүү үчүн тартылган бардык түзүмдөрдүн так, ачык жана жөнгө салынган ишин камсыздоону тапшырды. 

Мухаммедкалый Абылгазиев азык-түлүк продуктуларына жана бул ишке тартылгандардын бардыгына карата коопсуздук талаптарынын баарын так сактоого өзгөчө көңүл бурдурду. 

Өкмөт башчы мекендештерине жардам көрсөтүүгө жана аракеттешүүгө даярдыгын билдирген бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө, ыктыярчы бирикмелерге жана бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости