www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Кеңешбек Айтикеев Аалам менен адамдын байланышы тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Аалам менен адам түбөлүккө бирге байланышып турган ата менен баладай жандуу жаркыраган акыл-эстүү зат. Адамдын жаны - ааламдагы Акылдуу Зат деп аталган Кудайдын жаркырак жанынын бир учкуну.

Демек, Кудай менен адамдын жаны бирге. Кудай - аалам менен аралашып жашап жаткан бүт ааламды, башкача айтканда, жер-сууну, тоо-ташты, адамдардын айланасын каптап турган, адамдын жүрөгүндө отурган өзгөчө, адам акылы жетпеген акылдуу, баарын көрүп-билип турган, сезип турган зат. Ошондуктан аалам дегенде биз Кудай деп түшүнөбүз. Себеби, ааламды Кудай жараткан жана ааламды жашатып кармап турат.

Адамдар ааламдан кабар алабыз, ой менен кабар беребиз, жооп алып ой-максатка жетебиз. Жакшы ой менен өзүбүздүн дене түзүлүшүбүздү, ички дүйнөбүздү өркүндөтүп, өстүрүп, атом молекулага ажырап жарыктай абалга жетип, ааламга аралашып, байланышабыз.

Мисалы, жан көзгө көрүнбөй ааламда ой, сезим менен жашап кетет. Адамдын мындай абалы аалам менен адамдын түбөлүк биримдигин көрсөтөт. Адам - бул кичирейген аалам. Ошондуктан аалам сырдуу, адам сырдуу, аалам дагы сыр дүйнө, адам дагы сыр дүйнө, экөөнүн сыры түбөлүккө чечилбейт. Бири-бири менен байланышып, түбөлүк биримдикте бир туугандай кабар алып, кабар берип жашай берет.

Аалам чексиз, адамдын өмүрү, башкача айтканда, жаны чексиз, жан эки дүйнөдө чексиз айланып жашай берет.

Аалам жарык, адамдын жаны жарык, бул эки жарык тең акылдуу, сезимдүү, чексиз жашаган жандуу зат. Өзгөрүүгө, башкарууга, байланышып сүйлөшүүгө жөндөмдүү.

Адам ааламдай касиетке ээ, Аалам (Акылдуу зат) адамдарга касиет берет.

Касиет - бул илим, илим - бул энергия, ошондуктан илим да, энергия да, сөз, ой аркылуу адамдарга берилет.

Илим менен, энергия менен ооруну айыктырат, таалим-тарбия берет. Энергия менен денени аруулап, тазалап ааламга байланыштырат. Аалам да энергиядан, адам да энергиядан (7 чакрадан чыккан) турат. Ааламдагы Акылдуу зат Кудайдын ою, тилеги, максаты, үмүтү - адамдарга берген касиети аркылуу, адамдарга жардам берүү аркылуу ишке ашат. Ошондуктан экөөнүн байланышы үзүлбөйт.

Касиет - ааламды жараткан Акылдуу заттын оюн, тилегин ишке ашыруучу талант, жөндөмдүүлүк. Касиеттин ээси бар, ал көзгө көрүнбөгөн сырдуу, жандуу заттар аркылуу ишке ашат. Ал затты колдоочулар деп коёбуз. Колдоочулар - Кудайдын үмүтү, берилген касиети боюнча адамдарга жардам берип, өтүп кеткен, ааламга барып жаны тазаланган биздин ата-бабалардын рухтары. Ошол рухтар өздөрүнүн аткарган милдеттерин (касиетин) кандан канга өткөн касиет сыяктуу өздөрүнүн сүйгөн урпагына тартуулап, өздөрү башкарып, ал милдетин аткарууга урпагын тарбиялап таасир берет. Алланын берген касиетин аткарууга мажбурлайт.

Ата-бабанын рухтары - сага берилген касиеттин ээси, башкаруучусу, текшерип (көзөмөлдөп) туруучу көзгө көрүнбөгөн энергетикалык күч. Ал да Алланын буйругун аткарат. Берген касиетти аткарбаса, элге колдонбосо, өз кызыкчылыгы үчүн колдонсо жазалайт, азаптуу өмүр тартуулайт.

Анткени, касиет - Алланын үмүтүн ишке ашыруучу ой-тилеги, максаты, башкача айтканда, Кудайдын оюн ишке ашыруучу талант. Ошондуктан Кудай касиетти сүйгөн пендесине тартуулайт. Андай касиеттерге кесип да кирет.

Мисалы, жазуучулук, төкмөчүлүк, сүрөтчүлүк, бардык өнөрдүн түрлөрү, булардын баарынын максаты бирөө гана - адамдарга жакшылык жасоо. Ар бир өнөр өзүнчө пендеге пайда келтирет, жашоосуна, жан дүйнөсүнө жардам берет. Ошондуктан өнөр да, талант да Кудай тарабынан берилет. Ошондуктан өнөр менен таланттын баркына жетпесең, Кудайдын алдында милдетиңди аткарбаган катары кырсык берип, жаза аласың. Себеби, өнөр да, талант да Алла берген касиет.

Ал эми касиетти кадырлап, берген касиетиңе ыраазымын, бул менин ырыскы-насибим деп Кудайга ыраазылык билдирип, аракка, арамга аралашпай ыйман ак жолунда жүрүп аткаруу керек", - деп Кеңешбек Айтикеев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости