www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда заманбап билим берүү комплекси курулат

КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Аль-Мактум» фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Хуссейн Аль-Сайег менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууну өткөрүүнүн негизги максаты Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартып келүү үчүн Фонддун жетекчилиги менен түз карым-катнаштарды түзүү болчу.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аймагында STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) билим берүү боюнча программаларды тереңдетип окуткан заманбап билим берүү комплексин (жалпы билим берүүчү мектеп, китепкана, медициналык борбор, спорттук аянтча, окутуучулар үчүн жатакана ж.б.) куруу тууралуу макулдашуу жетишилди.

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү комплексин курууга жер тилкеси аныкталып, ««БИЛИМ, ИЛИМ» таланттуу балдарды колдоо боюнча республикалык борбору» билим берүү комплексинин эскизи жана концепциясы иштелип чыкты.

Билим берүү комплексинин негизги максаты билим потенциалы жогору окуучуларды табуу, колдоо жана өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогдорун колдоо системасын түзүү жана өркүндөтүү болуп саналат.

Ошондой эле, Фонд оор турмуштук кырдаалда калган жалгыз бой энелер үчүн тигүү курстарын уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул максатта Фонд этап-этабы менен 50-60 тигүү машинасын камсыз кылууга даяр, ошол эле учурда тигүү машиналары курстар аяктагандан кийин окуп бүткөндөрдүн менчигине өткөрүлүп берилет, ал эми курстун жаңы катышуучулары үчүн жаңы тигүү машиналары сатылып алынат. Азыркы учурда министрлик тарабынан кесиптик лицейлер аныкталууда, бул лицейлердин базасында жалгыз бой энелер үчүн тигүү курстары ачылат жана уюштурулат. Фонддун маалыматына ылайык, Фонд тигүү курстарын уюштуруу үчүн германиялык өндүрүштөн чыккан тигүү машиналарынын алгачкы партиясын кийинки аптада Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар башталгыч кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Лицейлерде окугандардын негизги курамын Кыргызстандын алыскы аймактарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, калктын социалдык аярлуу катмары жана жумушсуздар түзөрүн белгилей кетүү зарыл.

Жолугушууда Фонд Кыргызстандын кесиптик лицейлерин зарыл жабдуулар менен камсыздоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүү, бүгүнкү күндө талап кылынган адистиктер боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кошумча курстарды ачуу жана уюштуруу тууралуу оозеки макулдашуу жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КР Билим берүү жана илим министрлиги менен «Аль-Мактум» кайрымдуулук фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Кол коюлган Меморандумдун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү жана билим берүү уюмдарынын объекттерин куруу жана оңдоп-түзөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын материалдык-техникалык база жана зарыл болгон эмерек менен жабдуу болуп саналат.

Маалымат катары айта кетсек, «Аль-Мактум» фонду дүйнө жүзү боюнча бир катар социалдык долбоорлорду жана билим берүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырып келет. Фонддун негизги милдети дүйнө жүзүндөгү билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Директорлор кеңешинин мүчөсү Мирза Хуссейн Аль-Сайег Фонддун атынан чечимдерди кабыл алуу, чет мамлекеттерде жардам берүү долбоорлорун аныктоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Ошондой эле, ал Бириккен Араб Эмираттарынын финансы федералдык министри, «Аль-Мактум» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү шейх Хамдан бин Рашид Аль-Мактум мырзанын ишенимдүү адамы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости