www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк көз-карашта алганда Кыргызстан чакан мамлекет, бирок бизден да майда, кичинекей мамлекеттер толуп жатат. Ошону менен катар элинин саны элүү миллиондоп кетип, бирок бирдиктүү бир мамлекет кура албай жүрүшкөн күрт, уйгур сыяктуу элдер бар. Аларга салыштырмалуу байыртан келе жаткан кыргыз элине эркиндиктин жылдызы жанган.

Тарыхка үңүлүп

Биздей майда калкттарды жанчып койо турган географиялык аймакта жашайбыз, эки кылым мурун эле Атаке баатыр орустарга элчи жибергени менен орустардын дайыны жок, алыста болгон. Анын урпактары чыгышта Кытай жылып келатканын, Түштүктө Ооганстан аркылуу Англия, Кокон, Бухара хандыктары кыргыздын келечегин тумандатып жатканын түшүнгөн. Ошондуктан кыргыз элин коргой турган күч издешкен. Жарым кылымдан соң чапкан аттай орустар биз жакка жетип келип, алар менен камыр-жумур болуп аралашканыбызга бир жарым кылым болду. Орустардын атын укканда иренжип, үшүй түшкөндөр деле бар. Бирок, орустар айрыкча совет мамлекетинин убагында эмнелерди берди:

  1. Феодализмдин калдыгынан чыга албай жаткан кыргыздар туташ сабатсыз болгон. Араб, латын, кириллица үч алфавитти алмаштырганыбыз менен кыргыздар бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде сабаттуу мамлекеттердин катарына кошулабыз.
  2. Экономика боюнча Кыргызстанда чоң секирүү болду. Бир гана айыл чарбасынын чийки заттарын берүүгө ылайыкташкан Кыргызстанга согушка чейин Чехтердин “Интергельпосу” келип бир нече керектүү ишканаларды куруп берсе, согуш учурунда фашисттик Германиядан качып, берилеп жылып келген бир топ зор завод-фабрикалар курулуп Кыргызстан индустриялуу республикага айланган.
  3. Завод-фабрикалар менен бирге ар түрдүү калктын курамы бар жумушчу күчү кошо келген. СССР тараган соң убагында Генплан менен иш жүргүзгөн ишканалар жашоосун токтотот. Анткени, ар бир тетик, ар кайсы тарапта жасалып барып бир жерде чогултула турган. Андан тышкары чийки заттардын жоктугу Кыргызстанга кыйынчылыкты туудурду, бир топ ишканалар жабылып, темир-тезектери сатылды. Ар түрдүү калктуу жумушчу күчү өнөр жайы өнүккөн мамлекеттерге ооп кетти. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда Кыргызстанда титулдук калктын ээлери көбөйүп баратат.
  4. Спорт тарабынан да Кыргызстан союз убагында жетишкендикке жеткен. Бир гана Москвада 1980-жылы болгон жайкы олимпиада учурунда бир нече алтын, күмүш, коло медалдардын ээси болгонбуз. Бүгүнкү күнү да спортсмендерибиз Азия боюнча ири мелдештерде жеңишке жетишип келатат.

Стадион курулабы?

 Стадион боюнча маселени көтөргөн кыргыз кулундарынын бири Аскар Салымбеков. Себеби мезгил карап жатпайт, өтө берет, ал эми экономикасы чакан биздей Кыргызстан сыяктуу мамлекетке стадион куруу үчүн 50 миллион доллардын тегерегинде акча керек. Же кыргыздын сому менен алганда 3 миллиард 500 миллион сом керектелет. Бул абдан чоӊ каражат. Жаңы стадионду салууга өкмөт инвестиция тартышы зарыл.  Акырындык менен тийешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Бирок эӊ ириде стадион салыш үчүн жер маселеси талапка ылайык чечилиши керек. Жер болсо өз колубузда. Мына ушул жер маселесин чечүү аракети бюрократтык сезимдерден улам бир аз созулуп жаткандай. Бишкектин түштүк тарабынан заманбап стадион салганга 30 гектар жер бөлүндү десек болчудай. Бул стадионду салуу үчүн акактап жүргөн Аскар Салымбековдун айтканы  боюнча, ал жердин документтери толук бүтө элек. 12 гектары өкмөт аркылуу чечилди. 18 гектар жерин чечүү маселесин өкмөт мэрияга тапшырган. Ал жерлер Бишкек мэрлеринин мээримсиз аракеттеринен башкаларга берилип кеткен экен. Азыр ал жерди кайра кайтарып алуу үчүн сот иштери жүрүп жатат. Кудай буйруса, ал 30 гектар жерге 30-35 миӊ орундук эл аралык деӊгээлдеги футболдук стадион, 7-8 миӊ орундук заманбап жабык түрүндө спорт сарай салынышы керек. Бул үчүн дыкаттык менен иш алып баруу зарыл

Спорт сарайды куруу, каражат маселеси кандай болот?

Спорт сарайдын ичинде күрөш, волейбол, бассейн сыяктуу кышы-жайы ойноло турган спорттун түрлөрүнө ылайык жайлардын болушу абзел. Ошондой эле ал жерде концерттер, ар кандай чоӊ иш –чаралар болуп турат деген максат бар. Мындан тышкары, биздин хоккейибиз дагы жакшы өнүгүп келатпайбы. Ошон үчүн жок дегенде 5 миӊ адам бата турган хоккей стадионун да куруу каралып жатат. Аскар Салымбеков өкмөткө, президентке ушул спорт стадионун курууну 7-8 курулуш компаниясына салдырууну сунуштап жатат. Балким бул сунуш да туурадыр, анткени бир компания салган ТЭЦтен ызы-чуулар чыгып, ушул күнгө чейин аягына чыкпай келатат. Ошондуктан, көзөмөлдүктү көбөйтүп, андан тышкары ар ким өз акчаларына заманбап спорт сарайын салышсын дагы, өздөрү кожоюн болуп кирип, акционердик коом кылып иштетишсин. Мына ушундай ыкма менен мамлекетибиз сонун спорт сарайлуу болуп калат. Ушул багытта жакшылап аракет кылсак, буйруса жакшы жыйынтык чыгары бышык.

Последние новости