www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Бул тууралуу  Ош шаарында өткөн "ТҮРКСОЙ" эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынганда белгилүү болду. 
16-кылымдан бери  тарыхый жайлары ошол бойдон сакталып калган Өзбекстандын Хива шаары,  2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот.  ТҮРКСОЙ эл аралык кеңешинин 37-отурумунда,  Хива шаарынын акими Собир Жуманиязовга,  Ош шаарынын  эстафетасы  өткөрүлүп берилди. Өзбекстандын батышында жайгашкан бул шаар, күнү-күнүнкүдөй сакталып калгандыгын айткан аким   бул калаа тууралуу баяндама жасады.
Эске салсак, Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болсо, буга чейин бул макамды  Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан),  Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости