www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жылдын башынан бери бир жашка толо элек 1 627 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу “Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, бул 2017-жылдын ушул маалдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу көптүк кылат. Былтыр алгачкы сегиз айда өлкөдө бир жашка чейинки балдардын арасында 1 596 өлүм катталган.

Асылбашева буга эрте төрөт, тубаса кемтик менен төрөлүү жана башка факторлор себеп экенин белгилейт. Башкы гинеколог буга анализ жасалып, балдардын өлүмүн алдын алуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жыл башында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзүндө чарчап калган ымыркайлар жөнүндө отчет жарыялап, балдардын өлүмү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турарын кабарлаган.

Акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда жылына 150-155 миңдин тегерегинде бала төрөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости