www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жеңил өнөр жай паркы курулат

«Silk Way» компаниясы Кыргызстанга ири индустриалдык парк курат. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Соода жана жеңил өнөр жай комплекси «Манас» эл аралык аэропортунан 30 чакырым алыстыктагы Казакстан менен чектеш аймакта жайгашат.

70 гектар аянтты ээлеген комплекстин аймагында сегиз сектор жайгашып, анда соода-экспозициялык борбор, жеңил өнөр жай өндүрүш жайлары, бажы жана логистикалык терминал, кампалар, атайын адистерин даярдаган жеңил өнөр жай академиясы, ат майдан, сейил бакча, унаа токтоочу жай, жумушчулар үчүн ашкана, социалдык-административдик мекеме, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору орун алат. Имараттарды жеке менчикке алуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет.

Курулуштун алгачкы этабында тигүү фабрикалары салынып, аны толугу менен кыргыз ишкерлери каржылайт. Паркта эмгектенгендерге белгилүү компаниялар, бренддер менен байланыш түзүүгө, маркирлөө, сертификация жана жүк жеткирүү жагынан да колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости