www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Былтыр Кыргызстанда катуу COVID эпидемиясы орун алганда ошол учурдагы расмий бийликтин кээ бир акмактары ошол кырсыктан пайдаланып, акча жасоо жолуна түшүп алышкан», - деди бүгүн, 31-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, коронавируска каршы эмдөө башталды. Бирок, элден мурун чиновниктер алсын дегендер да чыкты. Чын эле биринчи чиновниктер алышы керекпи?

- Коронавирус болобу же башка оору адамды тооруйбу - бул Жараткандын иши. Аны эч ким андай же мындай деп айта алышпайт. Ар ким өзүнүн колунан келишинче жабышкан дарт менен күрөшөт. Ал эми COVID пандемиясы - бул өзүнчө эле бир планеталык масштабдагы кырсык болду. Эл эмне үчүн вакцинаны биринчи иретте чиновниктер алсын деп жатышат.

Анткени, былтыр Кыргызстанда катуу COVID эпидемиясы орун алганда ал учурдагы расмий бийликтин кээ бир акмактары ошол кырсыктан пайдаланып, акча жасоо жолуна түшүп алышкан. Эл мындай кылмышкерликти эч качан унутпайт жана кечирбейт. Ошондуктан, бүгүнкү расмий бийликке ызырынып, сиз айткан талаптарды коюп жатышат. Вакцинаны биринчи иретте ошол былтыркы расмий бийликтегилер алып башташса адилеттүүлүк болот эле!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости