www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоюлуп кеткен Каржы полициясында Сыймык Жапыкеевден башка бардык кызматкерлер иштеп жатышат. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында жалгыз Сыймык Жапыкеевдин орду бош турат. Анын милдеттерин орун басары Жоомарт Султанов аткарууда. Учурда мекеме кызматкерлери отчёттук иштер менен алектенип жатабыз. Бул 10-майга чейин созулат. Андан кийин кызматкерлерди жумуштан бошотуу этабы башталат", - деген ал.
5-мартта Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу боюнча жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
11-мартта аталган мекеменин төрагасы Сыймык Жапыкеев соцалдык тармактагы баракчасына Финпол менен коштошконун жазып чыккан. 12-мартта ага генерал-майор наамы берилген. Кечээ, 30-мартта Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg