www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт күндүк иш тартиби киригизилеби?

Microsoft уюмунун Япониядагы бөлүмү аптасына төрт күндүк иш тартиби менен өндүрүштү 39,9 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу «Популярная механика» маалымат булагы жазып чыкты.

Microsoft Japan эксперимент катары маянаны жана жылдык эмгек өргүүгө берилүүчү акыны ордунда калтыруу менен апталык жумуш күндү кыскарткан.

«Азыраак иштеп, жакшы эс алгыла жана окугула. Жашоо максатын аныктоого жана ишиңизге таасир эте турган чөйрөнү түзүү зарыл. Мен кызматкерлерден жумуш убактысы 20 пайызга кыскарса деле ошол эле натыйжаларга жетишүүгө аракет кылышын каалайм», — деген Microsoft Japan уюмунун президенти жана аткаруучу директору Такуя Хирано.

Жыйынтыгында кызматкерлер убакытты натыйжалуу пайдалана башташкан. Ишкана эң оболу узакка созулуучу кеңешмелерди жана көчмө жолугушууларды кыскарткан. Эмгек өндүрүшүнөн сырткары башка көрсөткүчтөр да жакшырган. Маселен, электр энергиясын колдонуу 23,1 пайызга азайса, ошондой эле документтерди басып чыгаруу 58,7 пайызга кыскарган. Компания жетекчилиги жана кызматкерлердин 92,1 пайызы бул тажрыйбага канааттанганын билдирген.

Бул алгачкы ирет көрүлгөн тажрыйба эмес. Порталдын белгилешинче, үч жыл мурда жаңы зеландиялык Perpetual Guardian компаниясы аптасына эки күндүк иш тартибин киргизип, эки ай иштегенден кийин өндүрүш 20 пайызга өскөн. «Популярная механика» жумуш күнүн кыскартуу менен жакшы натыйжага жеткен дагы көптөгөн мекемелер болгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости