www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга жаңы ЖЭБ курулат

Орусиялык «ЗиО» компаниялар тобу Кыргызстанда ЖЭБдерди толугу менен куруп берүү  боюнча техникалык сунуштамаларды даярдоо иштерине катышат. Бул тууралуу Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттиги билдирди.

Мындай келишим Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген. Тактап айтканда, 29-мартта Москвада Шыкмаматов «ЗиО» компаниялар тобу, «АБЭнерго» холдинги жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Ошондой эле, Подольск машинакуруу заводу жана Каширск отказан жана металлоконсрукциялык заводунун иштерин менен да таанышкан.

Шыкмаматов  «ЗиО» КТ менен инвестициялык кызматташтык боюнча сүйлөшүп, аларды Кыргызстандагы көмүр кендеринде ЖЭС (жылуулук электр станциялары) куруу жана азыркы ЖЭБдерди модернизациялоо иштерине активдүү катышууга чакырган.

Жолугушуунун жыйынтыгында жылуулук тармагы, айыл чарба жана жибек өндүрүү боюнча кызматташтыкка кол коюлуп, логистикалык борборлорду куруу макулдашылган. Мындан сырткары  Подольск машинакуруу заводу менен агенттик ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Кошумча маалымат үчүн:

«ЗиО» КТ жогорку даражадагы жылуулук электр энергиясын өндүрүү, энергия алмашуу тетиктери, газонефтехимиялык өндүрүштү камсыздоо жаатында Орусияда жана чет өлкөлөрдө ишмердүүлүк жүргүзөт. Аталган компаниялар тобунун курамына Подольск машинакуруу заводу, Каширск отказан жана металлоконсрукциялык заводу, «ОйлГазМаш» илимий-өндүрүштүк комплекси,«Эннова» долбоорлоо институту, «ЗиО-Котэс» бөлүмү, Красноярск отказан заводу жана «Атоммашкомплекс» ишканасы кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости