www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сайдулла Нышанов Убактылуу Өкмөт бийликке келер менен БНКга тиешелүү май куючу станциялардын барын жеке менчиктештирип алган. Эл оозунда айтылып калган банк ячейкасына да кол салган. Миллиондоп жебегени менен банк ячейкасына суук колун матырып, 5 миң долларды лык ашаган Сайдулла Нышанов “Ата-Мекен” партиясы менен парламентке келет. Бирок бул партия менен кайым айтыша кетип, камакта жаткан Өмүрбек Текебаевди чанып, президент Алмазбек Атамбаевге жагынып, анын сиңирген эмгектерин жогору баалап, “Кыргыз эл Баатырын” бериш керек деген демилге көтөрүп чыгат. Кызык, эми Текебаев камактан чыккан соң кайрадан Өмүрбек Чиркешовичтин кол алдында ийиктей чимириле баштап, “Ата-Мекен” фракциясынын парламенттеги жетекчилигине чейин жетти.
Учурунда иши тергөөгө берилип УКМКдан жашынып жүргөн Мамлекеттик Мүлк фондунун экс – төрагасы, «таласотерапиячы» Шералы Абдылдаев Текебаевдин ордуна мыйзамсыз депутат болду. Мыйзамсыз дегендин себеби алтынчы чакырылыштагы депутаттардын жашоо лимити 2010-жылдын октябрында эле түгөнгөн. Ошондуктан, мыйзамды сыйлагандар бул парламентти мыйзамсыз деп эсептешет. Ал эми «Ата-Мекен» фракциясына Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашева, Өмүрбек Текебаевдер жетекчи болушкан. Эми Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатырын” бергиси келип, парламентте айкырып чыккан бензин королу Сайдулла Нышанов «Ата-Мекен» фракциясына жетекчи болду.
Учурунда “Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго каршы Башкы прокуратурага арыз менен да кайрылган. Кадыр Кошалиевдин айтуусунда атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Ошол себептен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн Башкы прокуратурага расмий арыз таштаган. Депутаттар элдин үстүнөн билгенин жасай бергени үчүн Кадыр Кошалиевдин кыжыры кайнап, мындай арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган экен .Ошол арыздан көчүрмө:
КРнын Башкы прокуроруна
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз.
Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндүрүшкө алууңузду өтүнөм.
Кыргыз коомчулугунун атынан "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев", - деп арызын аяктаган.
Нышанов жергиликтүү булактардын бирине жыйынга келбеген катарлаш олтурган депутаттар үчүн да добуш бергенин мактанып маек берген. Мындай башка бирөө үчүн добуш берүү мыйзамсыз иш экени белгилүү. Мыйзамсыз иштер дегенде эки көзү жайнаган Сайдулла Нышанов эми бүт “Ата-Мекен” фракциясы үчүн жалгыз добуш берип калабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg