www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан Кувейтке туруктуу аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу 1-февралда «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бактыбек Сыдыков менен Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын өкүлдөрү жолугушканда айтылды.

Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары 11-февралга, Кувейт-Ош-Кувейт каттамын ачуу 9-февралга жылдырылды.

Буга чейин Кувейт-Бишкек үзгүлтүксүз авиакаттамы 5-февралдан баштап ачылары айтылган. Учуу узактыгы - 3 саат 35 мүнөт.

«Jazeera Airways» авиакомпаниясынын өкүлүнүн айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин Кувейт-Бишкек каттамдарынын саны көбөйтүлөт. Мисалы, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат.

Ага чейин жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү учат.

Мындан тышкары, аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен, Кувейт-Бишкек-Сиань каттамын ачуу да пландаштырылып жаткандыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости