www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга кандайча бара аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Алгач жолго чыгар алдында акыркы 72 саатта коронавируска тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы тууралуу маалым кат даярдоо керек.

Өзбекстанга Кыргызстандан учак же автоунаа менен жетүүгө болот, кирип-чыгууга эч кандай чектөө коюлган эмес.

Ал эми чек арадан "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Маданият" жана "Баймак" бекеттери аркылуу өтүүгө болот.

Транспорт каражаттары кыргыз-өзбек чек арасын "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай" өткөрүү пункттары аркылуу кесип өтө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости