www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович “Учкун” ААКнын басмаканасына иш сапары менен барды.

94 жылдык тарыхы бар өндүрүштүк ишкананын келечегин өнүктүрүү максатында, ишкананы колдой тургандыгын билдирди. Министр “Учкун” басмаканасында болуп, атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча, толук циклда иштеген Офсет, Гезит жана Мукабалоо цехтеринин жабдуулары менен кенен таанышып чыкты.

Ал өз сөзүндө Премьер-министр Жапаров Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде биринчи кезекте Ата Мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында,”Учкун” ААКсына келип отурганын, бүгүнкү күндө  көп жылдык тарыхы бар ишканын мамлекеттик персонификациялык документтерди, лицензия, сертификат, айдоочунун күбөлүктөрү, окуу куралдары, класстык журналдар, бланктар, мектеп жашына чейинки балдар үчүн жана көркөм адабий китептерди басууда бардык шарттары бар экендигине күбө болгонун айтты.

Ошондой эле, “Учкун” полиграфиясын керектүү жабдуулар менен камсыздап, "Келечекте е-паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана дагы башка мамлекеттик маанидеги документтерди, чет мамлекеттик басмаканалардан эмес, өзүбүздүн ишканалардан басып чыгарылышы керек"- деп айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү  басмакана жаатында чет мамлекеттерге ири суммадагы тендерлерди бербей, көмүскөдө болуп, ачык жарыяланбай бюджетке тартыштык жаратып жаткан, мамлекетке салык төлөбөгөн жеке ишканаларды да күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып, республикалык бюджетке пайда келтире турган ишканаларды колдошубуз зарыл. Мамлекеттик органдардын буйрутмаларын бардык түрүн, мамлекеттик гана басмаканалардан аткарылышы керек, – деп өз сөзүндө баса белгиледи.

“Учкун” ААКнын жетекчили жана жалпы жамааты Сагынбаев Жыргалбек Калмуратовичке жаңы ишине ийгилик каалап, алдыда ишеним артып, Кыргыз Республикасынын өндүрүрүшүн өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жаткандыгына терең ыраазычылыгын билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости