www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын кайсы аймактары кыргызстандык мигранттарга муктаж экенин Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов айтып берди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн "Россиядагы кыргызстандыктардын COVID пандемиясы учурундагы көйгөйлөрү" аттуу онлайн-брифингге катышты.

Бейшеновдун айтымында, кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Москва шаары менен Москва облусунда эмгектенишет.

"Урал жана Сибирь федералдык округдарында дагы кыргызстандык мигранттарга муктаждык бар. Жакында эле Байкал округунун жетекчилери менен жолугуштук. Бул аймакта муниципалдык объектилердин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Биз округдун жетекчисинин орун басары менен жолукканыбызда, алар кызматташууга даяр экендигин билдиришти", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости