www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр мырзанын командасынын эч нерсеге алы келбей калды деп ойлойм. Кокусунан түшкөн бакыттан баштары айнып калдыбы деген ой келет. Эмне кыларын билбей, акырында чүргө салган Конституцияны алып чыкканы, бул чынында коомго уят эле иш болду. Ага кошулуп алган балык ооз, чимкирик депутаттардын колу менен бул таптакыр эле шерменде болду десем жаңылбайм”, – деп айтты президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз бүгүн “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунун жыйынында.
“Бизди эл аралык коомчулук тааныбай калды деген көйгөй бар. Бир кылдын учунда турабыз. Жакынкы чет өлкөлөр колдоп жатат, эгерде биз ушундай жол менен кетсек, анда биз бүткүл дүйнөгө уят болобуз. Ошондо кошуна өлкөлөр да бизден баш тартышат. Өзүңөрдүн Конституцияңарда же президенттик, же парламентаризм экенин билбей, башыңар айланып калды. Бир башына курултай деп жатасыңар, бир жагынан президенттикти сүйрөп баратасыңар. Өзүңөр билбеген Конституцияны элге таңуулабагыла”, – деди Садык Шер-Нияз.
Булак: NazarNews.kg