www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын “Ош” кафесинин кире беришинде Кыргызстандын жараны, аралаш мушташтын түрү боюнча белгилүү мушкер Данияр Бабакуловду полиция кызматкерлери иштин жагдайын түшүндүрбөстөн кармап кетишкен. Бул тууралуу маалыматты эмгек мигранттарынын укугун коргоп жүргөн Валентина Чупик аттуу айым өзүнүн Фейсбук баракчасына кабарлаган.
-Даниярды унаага салып алып бир саат бою кайдагы бир “айып” тууралуу болбогон сөздөрдү сүйлөп, шаар аралашты. Акырында Нагатино-Садовники РИИБне алып келишкен. Мен ал бөлүмдөгү нөөмөтчүсүнө чалсам Насонов аттуу полиция кызматкери бардык чет элдик жарандар документ текшерүү үчүн бөлүмгө жеткирилгендигин айтты. Кыскача айтканда, ал жерде бир гана Бабакулов эмес толгон-токой адамдар мыйзамсыз кармалып турушкан экен. Нөөмөтчүнүн айтымында, бардыгы кое берилет, бирок Бабакулов эң акыркы чыгаарын айтты. Себеби, ал көп нааразы болду дейт нөөмөтчү, - деп маалымдаган Валентина Чупик.
Маалым үчүн айтсак, Данияр Бабакулов ММАнын мушкери. Ал карьерасын 2011-жылы баштап, ACA, WFCA, FNG турнирлерине катышкан. Жалпысынан 16 беттеш өткөрүп анын 10 жеңген.
Булак: NazarNews.kg