www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы Нургазы Мусаев аттуу катталуучу өзүнүн баракчасына "Баткен облусуна Шадыбек Бакибеков губернатор болсо" деген пикирин жарыялады.

"Тээ Лайлак тамандан Шадыбек Бакибеков деген азамат бар. Кер мурут, 23 жашында мамлекеттик кызматтын биринчи тепкичин аттаган. Анда 1983-жыл, эсил кайран СССР тирүү экен. Ошондон бери 37 жылдан бери бу киши мамлекеттик кызматта келе жатат. Сүлүктү шаарынын комсомолдорунун лидерлигине тез эле жетип, анан комсомолдун Борбордук Комитетине көтөрүлүп кеткен. Жалпы улуттук масштабдагы жаштар мекемелерин жетектеди, болгондо да камчы салдырбай иштеди.

Ошо бойдон борбордо, жылуу жумшак жерде жүрө берсе болмок. Эл, айрыкча, Баткенчилер борборго качса, Шадыке өз мекени Сүлүктүгө барып, шаар башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалайт.

Анан Баткен облусунун губернаторунун орун басары кызматына келет. Анда Баткенде легендарлуу Мамат Айбалаев губернатор болчу. Дал ошол даңазалуу Мамат акенин школасынан өтүп, таптаза ийленген. Мадумаровчулар капа болуп кетишпесин. Кимсанбаевич менен Шадыкебиз көп жылдардан бери калың дос. Саясий позициялары көп жеринен дал келбесе да, турмушта дос.

Шадыкебиз Баткен обладминстрацияда эң оор учурда, кадимки Катани Баткен УВДсына жөнөтсө, "Баткениңер сүргүн" деп барбай койгон жылдарда иштеди. Болгондо да чек ара маселелери боюнча. Чек аранын каеринен чычкан өтөт, каеринен контрабанда өтөт, кайсы жерде канча тажик Кыргызстанга кирип кеткен, кайсы жерде канча кыргыз Тажикстанга кирип алган... бул маселелерди кантип чечүү керектигин жакшы билет.

Лейлек, Баткен оңой менен бирөө үчүн митингге чыккан эл эмес. Мамлекет көргөн, тарбия көргөн эл да. Бирок ушул Шадыбек үчүн митингге чыгышып, эки жолу Сүлүктүнүн мэрлик креслосуна көтөрүп барып отургузушкан.

Бу Баткенде эле жүрө берген бала экен дебеңиздер. Балкибеков Жогорку Кеңештин Төрагасынын Кеңешчиси, сектор башчы болуп үзүрлүү иштеп келди. Учурда "Сүлүктүкөмүр" ачык акционердик коомунун Генералдык Директору. Демек, Баткендин жер үстү гана эмес, жер астындагы проблемаларын да абдан жакшы билет. "Жетимден көк жөтөл кетпейт" болуп, көмүр шахталарында тонна-тонна көмүр гана эмес, тонна-тонна көйгөйлөр да үйүлүп жатпайбы. Муну да чечүү керек. Бул жагынан Балкибевго теңдеш кадр жок.

Учурда Баткенге "Галстугуң кана" деп кембагал мугалимдерди омуроологон кадр эмес, эл багар уул керек болуп жатат. Шадыбек Балкибеков дал ошондой кадр. КМУУнун бир орунга 50 адам тапшырчу, жалаң партбосстордун балдары окучу тарых факультетине өз күчү менен өтүп, тээ Лайлактан келип, элита жаштарга лидер болуп алган бала жөн бала бовосо керек.

Ашып-ташкан байлыгы деле жок. Эл байлыгын секин кымырып алып, анан дарыяны кече качып кетчүлөргө кирбейт. Бензовозу жок. Контрабандист эмес.
Жүлүнүнө чейин мамлекеттик ишмер. Өзү жөнөкөй. Бир айда эки жолу эч кимге айтпай эле Ош базарына барып, манты жеп турат.

Иши кылып, Балкибеков Баткен элинин багына жаралган азаматтардын бири.

Шо энди. Шадыбек аяш авабыз губернатор болсо зор болот эде...", деген Нургазы Мусаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости