www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат.

Олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100 ашуун өлкө катышат.

Олимпиада Эл аралык математикалык олимпиадалык Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү  Медеубек Кунгожиндин (Алматы, Казахстан) байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучу Ишматов Махамаджан.

61-Эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө  аткаруу шарты коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости