www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мародёрчулук кыргыз элинде болду беле, алар кимдер?

Элде ишеним деген болот, келечекте балдарыбыз кандай жашайт, жакшы жасаса экен деген. Ошол үчүн бийликти алмаштыруу үчүн, аткан окко да карабай келечекте мамлекетибиз оңолсо деген тилек менен Ак үйгө каршы аттанышкан. Арийне, элди алдыга салып беришип, өздөрү кылтыйып жашынып алышып, качан эл өлүп-талып бийликти алган соң, өз борбор шаары Бишкекти талап, мародёрчулук кылгандар да болгон. Бир кезде, “Душмандын шаарын алгансып, Дурактар чыкты Бишкекке” –деп жазган элем. Илгери Искандер Зулкарнайндан бери душмандын шаарын алганда мародёрчулукка, талап-тоногонго салып берчү экен.

Эмне эл “Ата-Мекен” партиясынын мародёрчулары 2010-жылы 7-апрелинде өз шаарын душмандын шаарындай кылып,талап-тоносун деп бийликти алмаштырды беле? Келечекте бала-бакырабыз жакшы жасасын деп, канчалаган жаштар ишенимдин торуна чалынып өз жандарын бекер кыйбады. “Республика” партиясынан өкмөт башчысы болгон Бабанов жана ал кездеги Ички иштер министри, бүгүнкү бийликти Манаска теңеп турган Зарылбек Рысалиев мародёрчулук үчүн капкан салышканы белгилүү, бирок мародёрчулардын демилгеси менен бийликтен кетүүгө аргасыз болушкан. Демек, кыргыз элинде мародёрчулар болушкан. Ошолор бүгүн да бийликке умтулуп турушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости