www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчулар оор атлетика боюнча онлайн турнирге катышат. Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдиргендей, Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган мелдеш 28-30-август күндөрү өтөт.

Анын айтымында, турнирде 32 өлкөдөн 144 спортчу күч сынайт. Ал эми Кыргызстандын курамасынын атынан 3 спортчу — Бекдөөлөт Расулбеков, Эмил Молдодосов жана Элзар Таиров катышат. Мырзалар жана кыз-келиндер арасында жалпы 10 топтом медаль ойнотулат.

Турнир Facebook жана YouTube аркылуу түз эфирде өткөрүлөт.

Булак:NAzarNews.kg

Последние новости