www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малахов кээде кыргыздарга тийишип калат. Көрсө алган акчасына чиренип жаткан экен. Бирок кечирим сураган да жери бар, ошондуктан кыргыздын батасы тийгенби азыр Андрей Малахов ОРТда да “Россияда” да Орусиянын алдыңкы эки каналында тең иштей баштады. Орусиянын Биринчи каналындагы “Время” программасынын белгилүү алпаруучусу Екатерина Андреева “Русское радио” эфиринде Андрей Малаховдун алган айлыгына таң калып, өзү андан өтө эле аз аларын билдирди. Ошондой эле, алпаруучу Орусиядагы эркектер менен аялдардын айлык акысы бирдей болбоорун кошумчалады. 

Буга чейин Андрей Малахов Ксения Собчак менен болгон интервьюсунда Биринчи каналда иштеп жүргөндө 50 миң доллар айлык алып жүргөнүн айтып, Владимир Познер менен Иван Ургант гана Малаховдон көбүрөөк маяна аларын кошумчалаган.   Мындан сырткары, Малахов “Россия” телеканалында да ошондой суммадагы айлык акы алып иштеп жүргөнүн белгилеп кеткен. Эсепке кыргыздар жакшыбыз эми эки каналдан тен 50 миң доллардан алса, ал айына 100 миң доллар айлык акы алып Владимир Познер менен Иван Ургантты таманына таштады.

Екатерина Андреева Малаховдун айлык акысын сөз кылып жатып таң калды. “Мен Андрей Малахов канча айлык аларын укканда албетте, сүйүндүм. Мен мындай акчаны көргөн эмесмин”, -дейт алпаруучу.  Ошондой эле, Екатерина Андреева Россияда эркектер менен аялдар бир эле кызматта болуп туруп, бирок айлык акылары айырмаланып тураарын, тагыраак айтканда аялдар эркектерден азыраак аларын айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости