www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдагы Иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берди.

Өкмөт башчы салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында быйылкы жылдын 1-июлунан тартып салыктык башкарууга санариптик платформаларды киргизүү процесси башталганын белгиледи. 

Анын айтымында, бул долбоордун алкагында электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери киргизилген.

«Бүгүнкү күндө салык жол-жоболорун фискалдаштыруу өз натыйжаларын бере баштады деп айтса болот, – деди Премьер-министр. – Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы июль айында 6 млрд 859,1 млн сомду чогултуп, планды 109,9% аткарды, же 616,1 млн сомго көп чогултту. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 548,9 млн сомго көп салык түштү».

Кубатбек Боронов санариптештирүү багытындагы иштер толугу менен улантыларын кошумчалады. 

«2020-жылдын август айынан баштан патент менен камсыздандыруу полис бир документке бириктирилди, электрондук форматка өткөрүлдү. 2021-жылы 1-январдан тартып чакан ишкерлик үчүн жаңы салыктык режим кирет: 8 млн сомго чейин жүгүртүүсү бар болсо, ишкерлер салык отчетун тапшырбайт жана биринчи иштеген жылы салыктык ставкасы 0% (нөл) болот. Бул алар үчүн чоң колдоо болот деп ойлойбуз», - деди Премьер-министр.

Ал ошондой элек бардык ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктык декларацияны толтуруу системасы жөнөкөйлөштүрүлөт, товарларды импорттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн электрондук декларациялоо механизмдери киргизилерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости