www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен сени жер кучактап жатсаң да жек көрөм!

Көпчүлүк учурда айымдар жашоодо өз бактысын таппай калган учурлар көп кездешет. Баары ойлошот эркек болсоң эле жашооң кыйла жеңил деп. Бирок, мен эркек болуп өзүмдү бактылуулардын катарынан көрө албайм. Эл катары бой жеттим, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болдум. Ар тараптан колдоо көрсөткөн ата-энем дайым жанымда болду. Өзүмө жетишээрлик байлык топтой алдым. Өз деңгээлиме жараша дос күттүм. Бирок эмнегедир сүйүүнү кездештире албадым. Мага ашык кыздар болду, алардын сезимдерине мен жооп бере алган жокмун.

Ошондой күндөрдүн биринде жашоомду талкалап кетчү сага жолуктум... Ооба, жашоомду талкаладың сен!.. Мени азгырып алдап, төшөккө тартып, өзүңө имерип, көндүрдүң. Андан соң сага болгон сезимим сүйүүбү же жөн гана көнүп калуубу деп чечим чыгара албай турганда кош бойлуу экениңди айттың. Ата-энем берген тарбия мени жоопкерчиликтүү болуума үндөп турду. Экөөбүз эл катары үйлөндүк. Ата-энелерибиздин кубанычында чек жок. Апамдын көздөрү жайнап турганын көргөн менин кубанычымда чексиз. Ошентип кыздуу болдук. Кош бойлуу мезгилиңде мүнөзүң абдан өзгөрдү. Мен сени тааныбай бараттым. Апама деле ачуу үн менен кыйкырасың уулу-кичүүнү көзгө илбейсиң. Заматта жайнаган жашоом солгундап баратты. Апам байкуш мени алаксытуунун амалын кылып айымдар кош бойлуу кезде бул катардагы көрүнүш деп жооткоткон болот. Кыскасы төрөгүчө айланаңды эзип бүттүң. Төрөтүң кыйын болду. Андан кийин да көп деппрессия болдуң. Аны да түшүнүү менен кабыл алдым. Акыркы убактарда менин үй-бүлөмдү киши катары санабай калдың.. Сенин мынчалык мүнөзүң оор, тилиңдин, дитиңдин заардан бүткөнүн буга чейин эмнеге баамдабагам деп өзүмдү жеп бараттым. Бир күнү адаттагыдай апама уу тилиңди агытып жатканыңда тарс этип жыгылып калдың. Тез жардам чакырып сени ооруканага алып бардык. Башыңда залалдуу шишик бар экен. Ак халатчандардын айтымында ушул шишик күнөөлүү экен сенин мүнөзүңдүн өзгөрүүсүнө. Ушунчалык сенден көңүлүм калыптыр. Кыйналып өлүм менен өмүрдүн ортосунда турсаң да сага боорум ооруган жок. Ишенесиңби, сенден төрөлүп калган кичинекей периште кызымды да жектедим.. Сен болсо ичээр сууң түгөнүп баратканын сезип менден жана менин үй-бүлөмдөн кечирим сурап жаттың.. Кичинекей кызымды мага аманат кылып табыштадың.. Сенин ошондогу абалың менин көз алдымда өмүр бою калды. Сен мага аманат кылып таштап кеткен кичинекей периште кызым азыр бой жетти. Бирок мени өкүндүргөн жагдай, мээримимди төгүп, жакшы-жаманды ылгап чоңойсун деп берген тарбия да анын табияттын өзгөртө алган жок... Кызың дал өзүңдөй текебер болуп чоңойду. Мен ал үчүн бүтүндөй өмүрүмдү арнап, жаштыгымды садага чаап, жүрөгүн жумшартууга болгон аракетимди жумшасам да, дал өзүңдөй текебер кызды тарбияладым... Эл оозунда айтылып келген баланын кереметин сездирген сезимдерге да бөлөнгөн жокмун.. Оордуңду жоктотпой өзүңө окшогон жек көрүндү кызды колума таштап кете бердиң.. Мен сени жер кучактап жатсаң да жектейм!...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости