www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди текшерүү боюнча жумушчу тобу “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин мыйзам бузуу болгондуктан кайтарып берүүнү сунуштаган. Мындай чечимди жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн, 25-августта комиссиянын отурумунда билдирген.

“Чечим документтерди ыйгарым укуктуу тарап алып келбегендигине байланыштуу кабыл алынды”, – деп түшүндүрдү ал.

Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айтымында, ал өзүн начар сезип, документтерди штабдын кызматкери алып келгенин айтты.

“Мыйзам чегинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн келиши керек экендигин билем, бирок мыйзамда менин колтамгам керек деп жазылган эмес”, – деди партиянын өкүлү Элвира Абилдиева.

Отурумдун соңунда Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди текшерүү боюнча жумушчу тобу “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин артка кайтарууну добушка коюп, Боршайкомдун 8 мүчөсү колдоду, 1 мүчөсү каршы добуш берди.

Ал эми "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев документ кечикпей тапшырылганын айтып, бул чечимге каршы экенин билдирди.

“Бизди өкүндүрөт. Биринчиден шайлоо процессинде ар дайым каталар болуп турат. Билбестиктен,  элдин тандоосуна канчалык деңгээлде таасир этет деп чечим чыгарышы керек.  Эгерде добуштар сатылган болсо, элдин талоосуна туура келбейт.

Бул техникалык ката. Эч кандай шайлоо процессине таасир этпей турган жагдай.  Жөн гана жумушту көбөйтүп саясат жасап жатат. Бул чечимге макул эмеспиз. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз,” –  деди Исаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости