www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жараны Челябинск облусунун Троицк районунун бажы кызматынын кызматкерине 300 миң рубль пара сунуштаган. Бул тууралуу Россиянын ЖМК жазды.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандык жаран орус-казак чек арасынан 70 миңден ашуун жасалма жана маркировкаланбаган бут кийим алып өтүүнү көздөгөн. Жүк ташуучу унааны Казакстандын аймагынан келе жатканда «Бугристое» унаа өткөрүү пунктунан кармашкан.

Бут кийимдерди сактап калуу максатында аткезчи бажычыга пара сунуштаган. Бул тууралуу россиялык бажычы Челябинск бажысынын коррупцияга каржы күрөшүү бөлүмүнө билдирген.

«Аталган факт боюнча пара берүү фактысы менен кылмыш иши козголду. Аткезчи тергөө иштери жүргүзүлгөнчө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага 1-3 млн рубль айып салынып же 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», - деп билдирди Урал бажы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости