www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

USAID Кыргызстанга 285 миң китеп тапшырды

Бүгүн, 23-сентябрда - АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер.

Ал эми китептерди тапшыруунун расмий аземи бүгүн К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өттү. Ага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрүнүн милдетин аткаруучусу Алдер Барлетт жана Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев катышты. 

Белглей кетсек, китептер аңгемелерди, жомокторду, ырларды, табышмактарды жана башталгыч мектеп курагындагы жаш балдарга арналган кызыктуу чыгармаларды камтыйт. Ошондой эле китептер өлкө аймагында жашаган балдардын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу үчүн, жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор менен кызматташтыкта иштелип чыккан. 

"Ар кыл жанрдагы, ар кандай темаларга арналган сапаттуу китептер - башталгыч мектеп окуучуларынын билим алуусу үчүн пайдубал. Биз окуучулардын жаңы муунун шыктандырып, алардын өсүүсүнө жана ийгиликке жетүүсүнө жардам берүүчү окуу жана критикалык ой-жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз түзүүгө умтулабыз", - дейт Айнагуль Базарбаева, балдар жазуучусу. 

Аземдин жүрүшүндө USAID Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырыла турган “Окуу керемет!” аттуу жаңы долбоору менен тааныштырды. Бул жаңы беш жылдык демилге окуучулардын окуу көндүмдөрү менен бирге математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган. Ал эми Долбоордун жалпы бюджети дээрлик 19 миллион АКШ долларын түзөт. 

"Окуу керемет!" долбоору өлкөдөгү 1,6 миңден ашуун мектепте иш алып барат жана 18 миңден ашуун мугалимдердин жана башка билим берүү кызматкерлердин кесиптик чеберчилигинин жогорулашын колдойт. Бул долбоордун ишке ашырылышынан 300 миңден ашуун окуучу пайда алаарын күтөбүз. Биздин негизги максат - Кыргыз Республикасында ар бир баланын колунда китепти көрүү! Биз бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташуудабыз ", - дейт Алдер Барлетт.

Белгилеп кетчү жагдай, "Окуу керемет!" долбоорунун алкагында USAID Кыргызстанда 1,5 миң жаңы китеп иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт. Келе жаткан беш жылда, USAID Кыргызстандын мектептерине жаңы китептердин жана башка кошумча окуу материалдардын бир миллиондон ашуун нускасын тапшырууну көздөп жатат. 

“Келечекте, бул долбоор жаш балдардын окуу көндүмдөрдүн гана эмес, математикалык жөндөмдөрүн да өнүктүрүүгө багытталган китептерди иштеп чыгып, мектептерге жеткирет деп ишенебиз”, - деди Марат Усеналиев. 

Эскерте кетсек, жаңы долбоор Кыргыз Республикасында башталгыч билим берүүнү жакшыртуу боюнча USAID жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости