www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиздерге жазсамбы же сырымды үйүмдүн төрт дубалынан сыртка чыгарбай өзүмдө бекем сактасамбы деген ойлордун жетегинде бир канча убакыттан бери чырмалып жүрөм.

Акыры чыгынып жазууну эп көрдүм.

Кесибим боюнча журналистмин, бирок жумушумду алмаштырып буйрук экен азыр күч түзүмдөрүнүн биринде эмгектенип жатам.

Жолдошум менен жаңы таанышкан учурда ал мага абдан боорукер, кичипейил болуп көрүнгөн эле. Экөөбүздүн бир үй-бүлө болуп, анын камкор жар, жароокер ата болот деп элестетчү элем. Экөөбүз көп жылдар бою сүйлөшүп жүрүп акыры бир үй-бүлө болдук. Жолдошум мурдакы мен билген, мен тааныган адам эмес. Таптакыр башка адамды көрөм анын жүзүнөн. Баягы мен көргөн бооркер, кичипейил, токтоо мүнөз болбой чыкты. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей”- ал чыныгы жашоодо  такыр башкача киши экен да көрсө...

Ал адамга турмушка чыккан күндөн тарта денемден көк кетпейт. Күйөөм абдан акылдуу дайыма "сенин бир тал чачыңа колум тийбейт десе, кийин денеңди жанчып салам"- деп эле ызырынып жүрөт. Менин бооркер, камкор ата болчу күйөөм, өзүнөн алсыз аялдарга кол көтөргөн зөөкүр болуп чыкты.

Жолдошум мени канчалык уруп-сабап, денемдин көгөрбөгөн жери калбай калган күндөрдө да күйөөмдөн зомбулук көрүп, кыйналып жүргөнүмдү жакындарыма эч айтпайм. Күйөөмдү көргөндө жүрөк заадам калбай, азап тартсамда жакындарыма айтууга оозум барбай, эмнегедир айтуудан айбыгам.

Балким буга өзүм адамдардын тең укуктуулугун талашып, коомдо аялдардын арасында зомбулукка каршы күрөшүп келе жатканым себептир.

Ушул күнгө чейин жумуш тажырыйбамда укугу тебеленген кыз келиндерди коп эле көрдүм. Аларга жардам берип, укугун коргоп бериш менин милдетим да.

Бирок, алардын укугун коргоп бергеним менен менин укугумду тебелеп жүргөн жолдошумду кантип жазага тартаарымдын айла-амалын таппай келем...

Булак: NazarNews. kg

 

Последние новости