www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрди жетектеген Назаров депутаттык үчүн ат салышып жүргөн.Токтогул суу сактагычыны көлөмү 19 млрд/кубдан 17 млрд/кубга түшкөну менен кайыл. Июндан тарта Үч-Коргон суу сактагычы аркылуу Казакстандын сугаты үчүн суу койо берилди. Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын жана 330 млн куб суу берди.

Электр жарыгын эмес, коронавирус убагында “Кыргызстан” партиясын ойлогон, Назаров 24-августта Улуттук энергохолдингдин башчысы катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон, бирок 1-сентябрда Жазы-Кечүү айылына келип, электр жарыгын берүү аземине катышкан. “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты.

Кыргызстандын бардык айылдарына электр энергиясы кошулганы айтылат. Деген менен калктын 76 пайызына гана жарык толук кандуу жеткиликтүү болгону белгиленет. Ошондой эле кыргызстандыктардын бештен бир бөлүгү жылуулукту камсыздоо жана тамак-аш жасоо максатында электр энергиясын колдонору жазылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости