www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин 2 комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев катышып жатат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин биргелешкен жыйынынын башында Курманкул Зулушев отчет берди. Анын жүрүшүндө 2020-жылы коррупциялык көрүнүштөр орун алгандыгы үчүн жарандар эң көп даттанган 5 мекемени атады.
Алар: Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жол министрлиги, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
«Бул мекемелер башкаларга салыштырмалуу жарандар менен эң көп иш алып барат. Бирок кемчиликтери бар башка мекемелер дагы бар. Дээрлик бардык министрликтер коррупцияга белчесинен баткан», - деди Зулушев.
Анын айтымында, 2020-жылы коррупция беренеси менен КЖБРга 42 иш катталган.
Булак: NazarNews.kg