www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев бүгүн брифингде мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине жакын жашаган жарандарды кандайдыр бир капиталдык курулуш курбоого чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстанда Өзбекстан менен 9 тактала элек тилке бар. Ал тилкелердин тагдыры учурда чечилип жатат.

«Кеп чек арага жакын аймактарда үйлөр шахмат түрүндө жайгашканында болуп жатат, башкача айтканда Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагында, ал эми коңшу өлкөнүн жарандары биздин аймакта жашашат. Ошол чек аранын такталбаган тилкесине кандайдыр бир курулуш тургузууга болбойт.

Азырынча ал жерлерди айыл-чарба багытында гана колдонууга уруксат берилген. Демаркация боюнча иштер жүрүп жатат. Жакын арада бары чечилет», - деген Бөрүбаев жогоруда айтылган тартипти сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости