www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторунун айымдар ассоцияасынын кайрылуусу
Урматтуу ата-энелер жана чоң ата, чоң энелер!
Урматтуу жарандар!
Кыргызстанда наристе жарык дүйнөгө келгенде үй-бүлөдө жана баардык тууган-урукта өтө маанилүү жана кубанычтуу кабар болуп саналат. Ага ак сакалдуу аталар өз батасын берип, аялдарга урмат-сый көрсөтүү менен балага ден соолук каалап, узун өмүр тилешкен.
Үй-бүлөдөгү наристе – бул тукумдун жана каада-салттын уланышы, элдин жашоо көчүнүн символу. Байыртадан бери эле элдин санынын көбөйүшү, укум-тукумдун учугу уланышы Жер бетиндеги адамзатынын жашоосунун негизги маңызы болгон.
Албетте, жашоо бир орунда тура бербейт, кылымдар бою келе жаткан салт-санаасы улана берет. Бүгүнкү күндө экономикалык өнүгүүнүн кыйынчылыктарына байланыштуу балдарды багып чоңйтуу, аны бардык зарылчылыктар менен камсыздоо кыйын болуп калды.
Товарларга болгон баа дүркүрөп өсүүдө, жашоо кымбат, моралдык баалуулуктар алмашууда. Бирок эч качан эне өз баласын өлтүрүп же атасы кызын зордуктаган учур болгон эмес жана муну кечирүүгө болбойт...
Жалпыга маалымдоо каражаттары күн сайын жүрөктүн үшүн алган, курмандыктары балдар болгон зомбулук фактыларды маалымдоодо.
Кыргызстанда, бир эле Бишкек шаарында, № 3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына “катаал мамиле кылган” 500дөн ашык бала келип түшөт.
Зомбулук, анын ичинде балдарга карата болгон зордуктоолордун санынын өсүүсү өзгөчө кооптонууну жаратат. Тагдырлар талкаланып, өзүн жашоодон жоготкон учурлар...
Ошондуктан биз чечкиндүү айта алабыз – мындан ары мындай болбошу керек! Буга токтоосуз чекит коюу зарыл! Жашы жете элек өспүрүмдөр улуу адамдар, айрыкча ата-энелери же туугандары тарабынан зомбулукка дуушар болгон кайгылуу окуялар буга чейинки трагедиянын акыркысы болууга тийиш.
Биздин коомдун улуу жана негизги катмары болгон адамдар – биз буга окшогон кылмыштарга жол бербөөгө милдеттүүбүз.
Ушуга байланыштуу, биз, Коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторунун айымдар ассоциациясынын мүчөлөрү ар бир үй-бүлөдөгү зарыл болгон маселелерди чечүү, мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен биргеликте күчтүү аракеттерди көрүү зарыл деп эсептейбиз.
Биздин биргелешкен күчүбүздөн улам гана мындай адамкерчиликсиз көрүнүштөр жоюлат жана биз биргелешип биздин келечек муундарга, Кыргызстан элинин жаркын келечегине бактылуу балалыкты, бейпил турмушту камсыздайбыз.
Мамлекеттик органдардын ишмердигинде, бардык үй-бүлөдө жана коомдо балдарды коргоо маселеси негизги милдет болуусу керек.
Биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
1. “Балдар үчүн ишеним телефону 111”, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Борбору, ошондой эле КР ИИОнун аймактык болүктөрүнүн ишеним телефондоруна кайрылуу менен балдардын жана ата-энелердин укуктарын коргоо жөнүндө аларды маалымат алуусун жогорулатуу кампаниясын уюштуруу.
2. Үй-бүлөлүк зомбулукту, жашы жете электердин баңгилигин, аракечтигин жана таксикоманияны алдын алуу, балдарга карата сексуалдык зомбулукка жол бербөө боюнча бийлик органдарынын жана жарандык коомдун күчтөрүн координациялаган кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп чыгуу.
3. КР ИИОнун бөлүктөрүнө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча тескөөчү кызматын киргизүү маселесин иликтөө зарылчылыгы жөнүндө КР ИИМдин Коомдук кеңешинин сунушун колдойбуз.
4. Кыргызстанда калган мигранттардын балдарына карата ар кандай программаларды, ченемдик-укуктук чаралардын комплексин кабыл алуу сунушу менен биз КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылабыз.
Коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторунун айымдар ассоциациясынын мүчөлөрү, өздөрү тарабынан айымдардын айынын алдында биздин өлкөнүн ар бир аймагында коопсуздукту чыңдоо, укук бузууларды алдын алуу, экстремисттик жана радикалдык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча кызматтарды күчтөндүрүү ниетин билдирет. Ушул жылдын сентябрь айында ушул Кайрылуунун алкагында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгаруучу эл аралык конференция өткөрүүнү жана ага бардык кызыкдар уюмдарды, мекемелерди жана адамдардын катышуусун камсыздоону көздөп жатабыз.
Балалыкты коргоо – бүтүндөй коомдун камкордугунун предмети.
Балдар – биздин келечегибиз!
Кыргызстандын балдарын зомбулуктан коргойбуз!
Ар бир үйгө тынчтык алып келебиз!
Кыргыз республикасынын коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторунун Айымдар ассоциациясынын төрайымы Айдаркул Каана
Булак: NazarNewskg