www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Катар менен кызматташат

Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Мукамбетов менен Катардын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмат бин Хассен Аль Хаммадинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

ТИМдин башкы катчысы Кыргызстанга эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына туш келген Алгачкы ТИМ аралык саясий консультацияларга катышуу үчүн келген. Вице-премьер-министр конок менен учурашууда, Кыргызстан Катар менен түзүлгөн достук мамилелерди баалай тургандыгын белгиледи.

«Сиздин сапарыңыз биздин соода-экономикалык мамилелерибизге кошумча дем берет. Учурдагы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү азырынча эки өлкөнүн бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн камтый элек. Биз сиздин сапарыңызга жана биздин мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң үмүттөрдү артып жатабыз», – деди ал.

Ошондой эле С.Муканбетов эки өлкө ортосундагы келишимдерге, анын ичинде балдар онкологиялык ооруканасын курууга тийиштүү маселелерди козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости