www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн жаз айынын 1-күнүндө,асылзаада айымдарга ыр десте сунган Бердибек Жамгырчиев.
Жаз менен кызды бөлө албайм
Башыңа гүлдү жаздатып,
Ааламды бүтүн жаз басып.
Жан-дүйнөң канат байланып,
Баарына жаккан жаз бакыт.
Көз моокум канбай көркүнөн,
Көңүлдөр эргип көлкүгөн.
Кулпурган жашоо көз жарып,
Кулундар туйлап мөңкүгөн.
Мээримин төгүп күн ачык,
Жүрөктүн баары гүл ачып.
Жаз айын бизге жашар деп,
Жараткан берген гүлазык.
Кейиген күндөр кайра шат,
Керилип кыздар жай басат.
Жандарын безеп чымчыктар,
Жашоо бар дешип сайрашат.
Бийкечтер бизге карыздар,
Дегендей издеп нагыз жар,
Жигиттер жүрсө демигип,
Символу жаздын а кыздар.
Кызы жок жазды көрө албайм,
Жазы жок кызга көнө албайм.
Бирине-бири төп келген,
Жаз менен кызды бөлө албайм!
Бердибек Жамгырчиев
Булак: NazarNews.kg