www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-апрелге карата маалымат боюнча республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун деңгээли төмөндөдү, кээ бир дарыяларда өзгөрүлгөн жок. Бул тууралуу Кыргызгидромет Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди.

Жыргалаң, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кара-Балта, Чоң-Кайыңды, Беш-Таш, Нарын, Узун-Акмат, Чычкан жана Тар дарыяларында суунун дэңгеели бир аз 1-13 см көтөрүлдү.

Жаңы декаданын нормасы менен республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды:

Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Сокулук, Талас (Үч Кошой), Узун-Акмат жана Афлатун дарыяларындагы агым жогорку ченемде (124-154%). Кегети, Чычкан, Нарын (орточо агым), Көгарт, Майлуу-Суу, Ак-Буура, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай жана Кара-Дарыя бассейиндеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларында төмөнкү ченеминдеги агымы (36-78%).

Суу сактагычтарга суунун кириши: Орто-Токой - 75%, Киров -25%, Токтогул - 64% ченемин түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости