www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат райондук аймактык ооруканага оор абалда түшкөн бейтап 1 айлык дарылоодон кийин коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Ноокат аймактык ооруканага оор абалда коронавирус менен ооруп түшкөн бейтапты айыктырып, ооруканадан чыгарышты. Медициналык кызматкерлер 1 ай бою анын жашоосу үчүн күрөшүп келишти. Ноокат аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажановдун айтымында, коронавирусту дарылоо 4 этапта жүргөн.

"Бейтап бизге оор абалда түшкөн. Дем алуусу начарлап, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев жана инфекционист Айнура Кутманова жана реаниматологдор менен консилиум кылып, дарылоого кириштик. Бейтапка аба жетпей калгандыктан, 6 концентраторго коштук. Организмди аба менен камсыздап турдук. Андан соң мүнөтүнө 30 литрдей аба менен камсыз кылган бочкадагы суюк абаны коштук. Бейтаптын дем алуусу жеңилдей түштү. Андан соң антибиотиктерди берип баштадык. Оорунун оорлугунан боор, бөйрөктөрү жарактан чыгып, кан басымы көтөрүлүп баштады. Бул вирус организмдин баарын өлтүрөт. Ал бардык органдарга кедергисин тийгизди. Антибиотиктер менен бирге вируска каршы дарылар да берилип жатты. Дарыгерлердин профессионалдуулугу менен бейтапты оор абалдан алып чыгып, ооруканадан чыгардык. Эми ал 14 күндүн үй карантининде болмокчу", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости