www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда азыркы башкаруучу КСДП партиясына атаандаш боло турган күч түзүү зарыл. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйында экс-президент Роза Отунбаева билдирди.
Ал саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригүү планын талкуулашы керек деп эсептейт.
- Саясий атаандаштык жокко эсе бүгүн. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин жасап жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата күчтүү саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келүүбүз зарыл, - деди Отунбаева.
Жыйында саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандагы сот, укук тартибин коргоо органдарынын абалын, келечегин талкуулап жатышат.
Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыган Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев жана башкалар катышып жатышат.
Булак: NazarNews.kg